20 апреля, 2024

Кафедра жөнүндө

Кафедранын тарыхынан
Маалыматтык технологиялар кафедрасы С.Нааматов атындагы Нарын Мамлекеттик Университетинин Агрардык техникалык факультетинин курамындагы бөлүм. Кафедранын таржымалында негизги өзгөрүүлөр төмөндөгүдөй.
1997-жылы Нарын мамлекеттик унивеситеттинин Агрардык-техникалык факультетинде «Математика жана информатика» кафедрасы уюштурулган (10.11.1997, No67 НМУ нун ректорунун буйругу).
1998-жылы «Математика жана информатика» кафедранын жетекчиси болуп педагогика илимдеринин кандидаты Калдыбаев Салидин Кадыркулович дайындалган.
1999-жылы «Математика жана информатика» кафедрасы бөлүнүп, «Жаны маалыматтык технологиялар» (кафедра башчысы педагогика илимдеринин кандидаты Калдыбаев Салидин Кадыркулович) жана «Математика жана информатика» (кафедра башчысы физика-математика илимдеринин кандидаты Аманалиев Алманбет Абасканович) кафедралары түзүлгон (10.08.1999, No658/12 HM нун ректорунун буйругу).
2000-жылы Агрардык-техникалык факультетинин «Жаны маалыматтык технологиялар» кафедрасынын башчысы болуп ага окутуучу Ажыбаев Дуйшенбек Мокешович дайындалган (25.08.2000, No42-2/12 МУнун ректорунун буйругу).
2001-жылы «Жаны маалыматтык технологиялар» факультети түзүлүп «Жаны маалыматтык технологиялар» кафедрасы эки кафедрага бөлүнөт: «Маалыматты иштетүүнүн жана башкаруунун автоматташтырылган системалары» (кафедра башчысы ага окутуучу Ажыбаев Дуйшөнбек
Мокешович) жана «Информатика жана эсептее техникасы» (кафедра башчысы ага окутуучусу Бекежанов Марлис Мелисович) (3.09.2001, No 124-2/12 НМУнун ректорунун буйругу).
2009-жылы «Маалыматты иштетүүнүн жана башкаруунун автоматташтырылган системалары» жана «Математика жана информатика» кафедралары бириктирилип, Маалыматтык технологиялар, экономика жана башкаруу факультетинин курамында «Математика жана маалыматтык технологиялар» кафедрасы уюшулуп, кафедра башчысы болуп педагогика илимдеринин кандидаты Мунайтпасова Гулдайра Жумакадыровна дайындалган (04.09.2009, N601-12/72 НМУнун ректорунун буйругу).
2010-жылы «Математика жана маалыматтык технологиялар» кафедрасы кайрадан «Маалыматтык технологиялар» жана «Математика жана информатика» кафедралары болуп экиге болүнгөн. «Маалыматтык технологиялар» кафедрасы Агрардык техникалык факультетин курамына кошулуп, кафедра башчысы болуп педагогика илимдеринин кандидаты Чекирова Гульмира Кожобековна дайындалган (25.06.2010, Ne01-12/82 НМУнун ректорунун буйругу).
2011-жылы кафедранын курамы озгорүп «Физика жана маалыматтык технологиялар» кафедрасы деп аталган (01.09.2011, No01-12/89 НМУнун ректорунун буйругу).
2013-жылы «Физика жана маалыматтык технологиялар» кафедрасынын башчысы болуп педагогика илимдеринин кандидаты Жусуева Бактыгул Жусуевна дайындалган (30.09.2013, N.01-12/129 НМУнун ректорунун буйругу).
2014-жылы «Физика жана малыматтык технологиялар» кафедрасы «Маалыматтык технологиялар» кафедрасы болуп өзгөрүлүп, кафедра башчысы болуп педагогика илимдеринин кандидаты Бейшеналиева Уулкан Усенбековна дайындалган (03.07.2014, No01-12/123 НМУнун
ректорунун буйругу).
2015-жылы «Маалыматтык технологиялар» кафедрасынын башчысы болуп ага окутуучу Ашыров Эркинбек Тынымсеитович дайындалган
(01.09.2015, Nol5 НМУнун ректорунун буйругу).
2016-жылдан бери кафедра башчысы болуп педагогика илимдеринин кандидаты Бейшеналиева Уулкан Усенбековна эмгектенип келет.

Кафедранын ишмердүүлүгү
Азыркы учурда «Маалыматтык технологиялар» кафедрасында 4 илимдин кандидаты, 2 ага окутуучу, 2 окутуучу, 1 ага лаборант эмгектенүүдө. Кафедрада эки доцент Ажыбаев Дуйшөнбек Мокешович жана Чекирова Гульмира Кожобековна иштейт.
«Маалыматтык технологиялар» кафедрасынын негизги максаттарынын бири — бул окуу процессин үзгүлтүксүз жакшыртуунун
негизинде жогорку профессионалдуу квалификациядагы компьютердик технологиялар жана программалоо багытында адистерди даярдоо. Кафедрада келечектеги программисттер, ІТ-адистер профессионалдык бөлүктөгү сабактар боюнча теориялык жактан
даярдык алып жатат. Заманбап мультимедиалык комплексттер жана компьютерлер менен жабдалган эки компьютердик лабораторияда кафедранын окутуучулары сабактарды отуп жатат. Кафедранын ишмердуулугунун негизги багыттарынын бири —
бул окуу процессин окуу-методикалык жактан камсыздоо. Бул багыта кафедранын окутуучулары 30дан ашык окуу-методикалык
колдонмолорду иштеп чыгарышкан. Азыркы мезгилде ар бир сабак боюнча электрондук окуу-методикалык комплекстерди иштеп
чыгууга абдан чоң көнүл бурулууда.
1997-жылдан бери «Маалыматты иштетүүнүн жана башкаруунун автоматташтырылган системалары» адистиги боюнча 600 дөн ашык адистер кафедрадан даярдап чыгарылган. Азыркы учурда бүтүрүүчүлөр өндүрүштүн ар түрдүү тармактарында эмгектенүүдө:
• башкаруу органдарына,
• билим берүү системасында,
• банктарда,
• байланыш жана телекоммуникация тармагында,
• саламаттыкты сактоо тармагында,
• энергетика тармагында,
• жеке ишкердик.

«Маалыматтык технологиялар» кафедрасында окутулуп жаткан багыттар жөнүдө маалымат.


Кафедрага тиешелүү студенттердин окуу ишмердүүлүгү негизинен төмөнкү багыттарда жүргүзүлүүдө: маалыматтар базасын
иштеп чыгуу жана тейлөө, web-сайттарды долборлоо, электрондук китептерди түзүү.