2023-жылдын 15-майында С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин Агрардык техникалык факультети тарабынан 1-июнь «Балдарды коргоо күнү» жана 5-июнь «Айлана чөйрөнү
коргоо» күнүнө карата Нарын шаарындагы орто мектептердин окуучулары менен «ECO-FASION NARYN-2023» аталышындагы конкурс болуп өттү. Конкурс эки номинацияда өткөрүлдү. Eco fentesi керектен чыгарылган желим баштыктар, салттуу эмес кездемелерден жасалган кийимдер жана «Эксклюзив» ар түрдүү эски кездемелерден жасалган өзгөчө жасалгалуу костюмдар көрсөтүлдү. Конкурс жогорку деңгээлде өткөрүлүп, 1−2-3 орундарды ээлеген окуучуларга
сыйлыктар ыйгарылды. Бул конкурс Нарын шаарында алгач жолу уюштурулууда. Мындан ары жыл сайын уюштуруу пландалып жатат.

От luna

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Kyrgyz Kyrgyz Russian Russian