Профили: Экономикадагы колдонмо информатика

Окуунун формасы Күндузгү

Окуунун мөөнөтү 8 семестр (4жыл)

Адистикке тапшырууга талаптар ОРТ — 110 балл

Контрактык негизде окууга төлөм 1-жыл — 21 000, 2,3,4- жылдары 23 100

Аккредитация 2022 өтөбүз

Бюджеттик орун жок

Перспективасы Тестирлөө, программдык камсыздоо (Web тиркемелерин иштеп чыгуу, берилиштер базасы, программалоо Python, Си, Java ж.б.) кирет

Кайсыл уюмдарда иштөө мумкунчүлүгү бар ОАО «Кыргызтелеком», банк, билим берүү тармактарда программист, КР социалдык фонду, налог ж.б.

«Экономикада колдонмо информатика» кесибин «Келечектин профессиясы» деп атасак ашыкча кетпейт десем болот. Илимий-техникалык революция эсептөө каражаттарын жана экономикада телекомуникациялык каражаттарын, адам баласынын күнүмдүк иштеринде колдонуунун чоӊ мүмкүнчүлүктөрүн ачты.

 Азыркы жашоону башкаруучулук чечимдерди даярдоону камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүн берген компьютердик жана маалыматтык технологияларсыз элестетүү мүмкүн эмес. Бул профилдеги адистик  эмгек рыногуна өзгөчө престиждүү жана атандаштыкка туруктуу, анкени алар экономика, финансы, информатика, башкаруу, моделдөө тармактар боюнча оптималдуу билимге ээ.

«Экономикада колдонмо информатика» багытынын бүтүрүүчүсү заманбап компьютердик программаларды жана экономикадагы маалыматтык тутумдарды жогорку денгээле өздөштүрө алышат. Маалыматтык технологиялар боюнча алган билими менен банк тармактарында  жана финансылык корпорацияларда, байланыш уюмдарында,  айыл чарба жана административдик – башкаруу ишканаларында жана статстикалык борборлордо, компьютердик технологиялар жана информациялык системалар колдонулган мекемелерде жана уюмдарда иштей алышат.

«Экономикада колдонмо информатика» багыты боюнча 2016-2017 окуу жылында “Маалыматтык технологиялар” кафедрасы билим берүү уюмдарын жана окуу программаларын аккредитациялоо агенттигинин (ААОПО) аккредитациялоо комициясынан ийгиликтүү өтүп, 5 жылга сертификат алышты.

№VU170000056-2017-ж

Нурайым Адилова акылдуу үйдүн макетин жасады

Turmush —  Нурайым Адилова Жылан-Арык айылында жашайт, учурда 23 жашта. Нарын мамлекеттик университетинин агрардык техникалык факультетинин экономикада колдонмо информатика тайпасынын 4-курсун аяктап жатат. Ал дипломдук иши үчүн акылдуу үйдүн макетин тургузган. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Программаны жазууга көп убакыт кетти. Өзүмдүн дипломдук ишимде акылдуу үйдү Arduino платформасынын негизинде жасап чыктым. Бул платформа Германиядан DAAD долбоорунун алкагында алынып келген. Жетишпеген тетиктерди болсо өзүм сатып алдым. Улам бирин жасап жатып кызыгуу күчөп, идея кошуп, акылдуу үйдү жасап чыктым. Дагы толук бүтө элек, эми муну ишке ашырып үйгө, коюп көрөлү деп жатабыз. Ишке ашса, элдерге айтам. Алар жашоосунда колдонсо абдан жакшы болмок. Үйдө отуруп алып телефон менен эшикти башкарып ачса болот же эшикти блокко салып, лампаны колду чаап өчүрүп жана күйгүзсө болот. Эми алдыда дагы мындан жакшы долбоорлорду жазып, ишимди улантайын деп жатам», — деди студент.

Ал бул дипломдук иши үчүн «5» деген баа алып, мугалимдерден алкыш алып чыккан.

http://www.turmush.kg/news:347231

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *