Эразмус+ программасынын “Кыргызстандагы саламаттыкты сактоонун менеджменти жана биомедициналык инженерия багытында жогорку билимди өнүктүрүү” KyrMedu долборунун алкагында Германия, Батыш Саксония, Цвикау Прикладдык илимдер университети жана Нарын мамлекеттик университетинин ортосундагы долбоордун негизинде «Саламаттыкы сактоодогу информатика» багыты боюнча группа ачылды.

  • 2019-жылы апрель айында “Саламаттыкты сактоодо информатика” багытында окуган студенттер Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына  практикага барып, долбоордун алкагында алынган медициналык каражаттар менен таанышып келишти.
  • Ушул эле айда “Саламаттыкты сактоодогу информатика” багытында окуган кыздар “Маалыматтык технологиялар ” кафедрасынын сунушу менен “Роза Отунбаева инициативасы менен уюшулган STEM долбоору” боюнча  тренингге катышып келишти

14-май 2019-жылы С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети Ачык эшиктер күнүн өткөрдү. Ачык эшиктер күнүнө “Саламаттыкты сактоодогу информатика” багыты үчүн буклеттер, банер чыгарылды, жолугушууга келген окуучулардын жана ата-энелердин  кызыгуусу жогору болду. Нарын облустук “Теңир-Тоо” газетасына KyrMedu долбоору  жөнүндө, “Саламаттыкты сактоодогу информатика” багыты тууралуу, долбоордун НМУнун профессордук- окутуучулук курамына жана студенттерге болгон салымы, долбоордун негизинде келген материалдык-техникалык каражаттар  тууралуу  маалымат чыгарылды.  АгаХан медициналык поликлинакасына, Нарын облустук бириктирилген ооруканасына студенттер практикалык сабактарга барып, ультраизилдөө аппаратынын иштөө принциптери, медициналык каражаттардын жалпы түзүлүшү жөнүндө окушууда. Бул багытта Нарын облустук бириктирилген ооруканасы жана АгаХан поликлиникасы менен келишимдер түзүлгөн.

ИЗ- 18 группасынын студенттери BTL (жүрөктүн кардиограммасы) аппаратында  практика жүзүндө   мектеп мугалимдерин жүрөгүн тартуу учурунда.

“Герман тилдери” кафедрасы уюштурган англис тили боюнча олимпиадада ИЗ-18 группасынын студенти Саматбекова Бегимай 1-орунду камсыз кылды.

Октябрь айында “Саламаттыкты сактоодо информатика” багытында окуган студенттер менен немис тилинде адамдын түзүлүшү тууралу ачык сабак өткөрүлдү. “Саламаттыкты сактоодогу информатика” багытында окуган студенттер  адамдын анотомиялык моделинин негизинде оорунун белгилерин аныктоо үчүн чакан программа иштеп чыгышууда (студенттин илимий-изилдөөчүлүк иши).

  • 18-ноябрь 2019-жылы “Ярмарка ваканций” иш-берүүчүлөр менен кызматташтык форуму өттү. Бул форумга аталыган багыттын студенттери да активдүү катышты.
  • 20-ноябрь 2019-жылы ООП (негизги окуу программасы) “Саламаттыкты сактоодогу информатика” адистиги боюнча иш берүүчулор менен талкуу болуп,  аккредитацияга даярдануу боюнча жумушчу топ түзүлүп,   ООП тун максаты,  миссиясы, милдети такталды, мындан сырткары студенттердин  практикасы талкууланды.

Тажрыйба алмашуу

2019-жылдын 27.02.-14-17-март 2019-жылы НМУга КММАнын «Медициналык биология, генетика жана паразитология» кафедрасынын башчысы, мед. илимдеринин доктору,  профессор Куттубаев Омурбек Ташибекович, «Жалпы жана клиникалык эпидемиология» кафедрасынын медицина илимдеринин кандидаты Исакова Жайнагуль Турганбаевна жана  КМКТАУнун б.и.к., Давлетова Чолпон Имаммусейиновна  ИЗ-17, ИЗ-18 группаларына лекция окушту.

  • “Саламаттыкты сактоодогу информатика” багытынын студенттери университет тарабынан уюштурулган ар кандай  иш-чараларга активдүү катышууда. ИЗ-18 группасынын студенти Турсунбекова Аманда Кыргыз патент уюштурган “IP-School”  тренингге катышып сертификатка ээ болду.

ИЗ-17 группасынын студенттери Enactus Кыргызстан эл аралык уюму уюштурган регионалдык мелдешке ийгиликтүү катышып келишти.

2019-2020- окуу жылына “Саламаттыкты сактоодогу информатика” багытына 5 студент кабыл алынган, бирок  “Информатика жана эсептөө техникасы” багытына бюджеттик орундар берилгендиктен ОРТ баллдары 120-150 дон өйдө болгондуктан  абитуриенттер  ушул багытка өз каалоолору менен которулушту.

PS: Ата-энелер жана студенттер “ИЗ” долбоорунун алкагында чет өлкөгө практикага чыгуу боюнча суроолорду, талаптарды коюшууда. 

Студенттер

Турсунбекова Аманда Турсунбековна

Увлекается рисованием и рукодельем. В свободное время изучает немецкий язык и программирование. Ходит на курсы немецкого языка.

Кубанычбеков Акдил

Акдил сабактан сырткары программалоого жана немец тилине кызыгат. Футбол, бокс, волейбол ж.б. спортторго кызыгат. Бош убактысында программалоо жана компьютердик техникаларды ондоп алектенет.