18 – 20 мартта 2019-жылы КМКТАУ, КММА жана КТУда Румыниядан келген докторлор Богдан Тебриин, Калин Муресан, Калин Русу, СаринБесоу, Симона Новину, ВиолетаФиреску лекция окушту. Семинарга С.Нааматов атындагы НМУнун “Маалыматтык технологиялар” кафедрасынын доценти Гулмира Чекирова, ага окутуучу Сагынбубу Кулманбетова катышып келишти.

2019-жылдын 25-29-мартында Германиядагы Цвиккау Батыш-Саксониялык колдонмо илимдер университетинде «Erasmus+» программасы боюнча «KyrMedu» долбоорунун алкагында НМУнун “Маалыматтар технологиясы” кафедрасынын доц.  м.а., Уулкан Бейшеналиева жана окутуучу Бермет Осмонова катышып келишти. Семинарга «KyrMedu» долбоорунун алкагында иштеп жаткан Кыргызстандын Ош, Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарындагы жана Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайлардан окутуучулар катышышты . Цвиккау университетинин бир катар профессорлору Leonore Heiland «Биомедициналык лабораторияга экскурсия», Ralf Hinderer «Ультразвук боюнча практикалык тренинг», Peter Hartmann «Лазердик технология лабораториясынын ишмердүүлүгү»,  “Санариптик саламаттыкты сактоонун маалыматтык системасы”, Stefan Muller дидактикалык каражаттар менен камсыздоо жана лабораториялык усулдук колдонмолорду даярдоо боюнча өз  тажрыйбалары менен бөлүшүштү.