Китеп кербени

Нарын шаарындагы облустук, шаардык китепканалар уюштурган «Китеп кербени-2019» иш-чарасына жаштар активдүү катышты. Анда көргөзмөлөр, оюн-зооктор, кол өнөрчүлүк боюнча мастер-класстар көргөзүлдү. Ушул эле иш чарага биздин факультеттин  « Маалыматтар технологиясы» кафедрасынын окутуучулары Бейшеналиева Уулкан жана Осмонова Бермет катышышты. Иш чарада коноктор илимий-техникалык ресурстардын кандай ыкмаларды колдонушат жана жергиликтүү ойлоп табуучулар менен күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алышты.

Мектеп окуучуларына кружок

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык фонду тарабынан жарыяланган АКШнын КРдагы Элчилигинин Демократиялык Комиссиясынын каржылык колдоосу менен «Ардуина платформасынын негизинде робототехника боюнча Нарын шаарынын мектеп окуучуларына кружок уюштуруу» аталыштагы долбоор жазылып, 1000 долларлык гранттык жабдуулар келген Бүгүнкү күндө аталган долбоордун алкагында С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин Агрардык-техникалык факультетинде «Жаш техниктер» кружогу уюштурулуп, ага Нарын шаарынын №9 А.Садыков атындагы орто мектебинин 8-класста окуган 15 окуучу, Ү.Асанов атындагы мектеп-лицей 2-окуучу, №8 А.Буйлаш уулу атындагы орто мектебинен 2-окуучу     катышып, ардуина платформасынын негизинде робототехника боюнча бир нече проекттерди иштеп, программалоо тилине шыктанып окуп жатышат.                                                            

15.12.2020-ж. «Келечек жаратманы» Республикалык олимпиадага он-лайн форматта НМУдан П-19 группасынан Эмилбек уулу Төлөбек, колледждин 1 курсунун студенти Эсенгул уулу Нураян  финалдык туруна катышышты. Төмөнкү темалар боюнча жакташты.

  • Кайтаруучу робот.
  • Жол тандабас.
  • Ардуино платформасында Си программалоо тилин колдонуп проектерди иштеп чыгуу (акылдуу үй, оюндар, музыкалык ноталарды автоматташтыруу ж.б.).
  • Макеттерди моделдеп 3d принтерден чыгаруу ж.б.
  • Республикалык олимпиаданын жыйынтыгы  —  кийинки турга жолдомо алышты. Жетекчиси :   Бейшеналиева У.Ү.

«Жылдын мыкты мугалими» конкурсунда

Кафедранын окутуучулары Д.М.Ажыбаев, Г.К.Чекирова, М.К.Асыранбекова, М.М.Бекежанов, Э.Т.Ашыров Ат-Башы районундагы  Ак Жар айылынын Жанаалы уулу Абдыракман атындагы орто мектепте болуп өткөн «Жылдын мыкты мугалими» конкурсуна калыстар катары катышышып, жеңүүчүлөрдү аныктоого жардам көрсөтүштү. 
Ошондой эле, конкурстун катышуучулары атайын университет тарабынан даярдалып барган «Педагогика жана психология» багытында тест тапшырышты.

Акырында жеңүүчү аныкталып, сыйлыктар тапшырылды. 
Иш сапарында аталган мектептин 9-11- классынын окуучуларына С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети жөнүндө,  4 факультет, кафедралар жана адистиктер боюнча маалымат берилип, буклеттер таратылып берилди. Мектептин директору окуучулары менен университетке экскурсия кылышып, жакындан таанышсак деген сунуштарын айтышты.

«Окумуштуулардан окуучуларга» акциясы

18-апрель 2019-жылы Академик Үсөн Асанов атындагы Нарын облустук лицей жатаканасында 2019-жыл «Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы» «Окумуштуулардан окуучуларга» акциясы окуучулардын илимге багытталган жөндөмдөрүн өстүрүүдөгү билим берүү чөйрөсүнүн мүмкүнчүлүктөрү илимий-практикалык иш-чарасына «Маалыматтык технологиялар» кафедрасынын башчыса Бейшеналиева Уулкан, ага окутуучу Кулманбетова Сагынбүбү Мусековна, Осмонова Бермет Майрамбековна, «Агрардык техникалык дисциплиналар» кафедрасынын ага окутуучусу Чоробек кызы Айзат «Ардуино платформасын колдонуп светофор иштетүү» аттуу темада 8-класстын окуучуларына робототехниканын элементтерин колдонуп сабак өтүштү.